Жарандык активист, журналист жана оппозициялык маанайдагы Демократиялык партия түзүү боюнча демилгечи топтун башчысы Жанболат Мамай бир катар саясий талаптар менен Алматыдагы Эгемендик монументинин алдында пикет өткөрдү.
Ал колуна «Насыялар кечилсин! Чет өлкөлүктөргө жер сатылбасын! Макс Бокаевге эркиндик!» деген жазууларды кармап чыккан. Бул талаптар 6-июнда Алматыда өткөн нааразылык акцияларында да айтылган. Анда акциянын жүздөгөн катышуучусу кармалган.
Мамай 2016-жылы өкмөттүн жер реформасына каршы өткөн митингдерде кармалып, беш жылга эркинен ажыратылган активист Макс Бокаевдин саламаттыгына тынчсызданып жатканын билдирди.
— Өткөн шаршемби күнү телефон аркылуу Макс Бокаев менен сүйлөшкөм. Ал даам жана жыт сезбей калганын, коронавирустун белгилери бар экенин, түрмөдө көп адам ооруп жатканын айткан. Бийликтен Бокаевди жана башка саясий туткундарды бошотууну талап кылам», — деди Мамай.
Өткөн жумада АКШ сенаторлорунун тобу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге кат жолдоп, Макс Бокаевди бошотууга чакырышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ