Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ жана эч качан жоопкерчиликке тартыла албайт дегендерге Эдил Байсалов жооп берди. «Атамбаев ал экс-президент макамы менен эч качан эсептешкен эмес . Акаев менен Бакиевдин статустарын Убактылуу Өкмөттүн декреттери менен эле алып таштаган. Курманбек Бакиевди сыртынан бир эмес, 5-6 жолу соттоп, аны биринчи 10 жылга, анан 24 жылга, аягында өмүр бою камоого өкүм чыгарттырган” деп түшүндүрүп берди Э.Байсалов. Байсаловдун “Республика” гезитине чыккан макаласында Атамбаевден экс-президент статусун Жогорку Кеңеш импичмент процедурасына таянып, 80 депутаттын добушу жана Башкы прокурордун катышуусу жетишээри анык болду. Атамбаевден кол тийбестикти алууну сунуш кылган Исхак Масалиевдин кечээ күнү депутаттарга экс-президенттердин иммунитетин алып салуу мыйзамын даярдоо сунушу колдоо тапты. Эми ал мыйзам иштелип чыгып, күчүнө кирсе Атамбаевде кол тийбестик жок болуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок качан?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ