Menu

Атамбаевдин кол тийбестигин ким алат?

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ жана эч качан жоопкерчиликке тартыла албайт дегендерге Эдил Байсалов жооп берди. «Атамбаев ал экс-президент макамы менен эч качан эсептешкен эмес . Акаев менен Бакиевдин статустарын Убактылуу Өкмөттүн декреттери менен эле алып таштаган. Курманбек Бакиевди сыртынан бир эмес,  5-6 жолу соттоп, аны биринчи 10 жылга, анан 24 жылга, аягында өмүр бою камоого өкүм чыгарттырган” деп түшүндүрүп берди Э.Байсалов. Байсаловдун “Республика” гезитине чыккан макаласында  Атамбаевден экс-президент статусун Жогорку Кеңеш импичмент процедурасына таянып, 80 депутаттын добушу жана Башкы прокурордун катышуусу жетишээри анык болду. Атамбаевден кол тийбестикти алууну сунуш кылган Исхак Масалиевдин кечээ күнү депутаттарга экс-президенттердин иммунитетин алып салуу мыйзамын даярдоо сунушу колдоо тапты. Эми ал мыйзам иштелип чыгып, күчүнө кирсе Атамбаевде кол тийбестик жок болуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок качан?

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: