Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну кокустан кошунасын атып алды. Маалым болгондой, окуя 3-июнь күнү болгон. Кызыл-Суу айылынын тургуну мылтык менен карга атып жатканда, короосунда кир жайып жүргөн кошунасы — 1981-жьшы туулган (аял кишиге) кокустан ок тийген. Жабыркаган келин Жети-Өгүз райондук ооруканага кайрылды. Дарыгерлер ок анын белине тийгенин жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүн белгилешти. Кийин жабырлануучу облустук ооруканага көрүнүүгө кеткен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ