Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 16-октябрда билдирди. 43 жаштагы К.К. 2010-жылы жеке нотариус менен сүйлөшүп, кыймылсыз мүлктүн ээсинин кол тамгасын жасап, үйдү банкка күрөөгө коюп, кредит алган, кредитти жубайына каттаган экен.
Ошентип банктан 300 миң сом алып, акчаны жеке өзүнө коротуп, качып кеткен. Азыр аны Москвадан Кыргызстанга алып келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ