Россиядагы кыйын кырдаалга туш болгон 400-500 кыргызстандыктар күн сайын жардам сурап элчиликке кайрылышат. Бул тууралуу кечээ, 19-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Элчиликтин алдындагы штабда кыргыз диаспорасынын активисттери, ыктыярчылар менен биргеликте тамак-аш, убактылуу жашоочу жай менен камсыздоо, медициналык жардам көрсөтүү, жумушка орноштуруу сыяктуу тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө.
Эң керектүү тамак-аш менен камсыздоо атайын критерий менен берилет. Биринчиден, гуманитардык жардам өтө муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, бейтаптарга жана кары-картаң жарандарга берилет.
Ошондой эле суроолор боюнча элчиликтин Call-борборуна төмөнкү байланыш номерлери боюнча байланышсаңыз болот:
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 — мобильный (WhatsApp);
+7 (925) 387 45 97 — мобильный (WhatsApp);
+7 (925) 103 29 11 — мобильный (WhatsApp).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ