Menu

Видео – Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенип, кыздарды иштетип жүргөн шуркуянын жолу торолду

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында имаратты ижарага алып, ал жерди мончо-сауна катары уюштуруп, кыз-келиндерди ыплас иштерге иштетип жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарынын аймагында мурда коомдук тамактануучу жайды бүгүнкү күндө белгисиз атуул “сойкукана” катарында иштетип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат алынып, аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин КЖБРне “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” болуп катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүгү менен Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан берилген атайын тапшырманын негизинде, Жалал-Абад ОИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан Жалал-Абад курулуш мекемесине караштуу болгон мурдагы “БАЖАЛАР” кафесинин жанында жайгашкан имаратын “Феруза” аттуу аял ижарага алып, мончо-саунаны сойкукана катары уюштуруп, кыздарды ыплас иштерге иштетип жаткандыгы аныкталган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдарынын сапаттуу жүргүзүп, маалыматты далилдөө максатында, Жалал-Абад шаардык тергөө-судьясы тарабынан аталган жайга тинтүүгө уруксат алынып, көрсөтүлгөн дарекке калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда имараттын ичинде ыплас иштер менен алектенип жүргөн 8 (сегиз) аял кишилер (жашы болжол менен 25-35 жаштагылар) алардын арасында Өзбек Республикасынын жарандары бар экендиги аныкталып, тийиштүү далил буюмдар жана акча каражаттары тергөө кызматы тарабынан акт түзүлүп алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жайды сойкукана катары уюштуруп иштеткен Сузак районунун тургуну 1972-ж.т. И. Ф. экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз кылынды.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: