22-мартта Пакистанда таажывирусту жуктуруп алгандардын арасында 1963-жылы туулган Кыргызстандын жараны дагы бар. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 23-мартта билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, таажывирусту жуктуруп алган жаран кыргызстандык 4 жаран менен (1960-ж.т., 1978-ж.т., 1960-ж.т. жана 1996-ж.т.) биргеликте Пакистанга дааватка кеткен. Аталган жарандар консулдук каттоого алынган эмес, ошондой эле Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине кайрылган эмес.
Учурда таажывирусун жуктуруп алган жаран Pakistan Institute of Medical Sciences (PIMS) госпиталына жаткырылган. Ал эми калган 4 жаран карантинге алынган.
Учурда Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабад шаарынын администрациясы жана укук коргоо органдары менен кызматташып жатат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ