Menu

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Бабанов кыргыз саясатындагы өз ордун эчак эле таап алган инсан!”

Бөлүшүү:

Каныбек агай, “Бабанов келсин” дегендерден элеңиз. Ал “Кыргызстанга келем”деп бийликтин реакциясын байкайын дедиби же “келсем камалып калам” деп кооптонуп, ар кайсы шылтоонун башын айтып жатабы?

– Бабановдун келе албай калышын коомчулук түшүнүү менен эле кабыл алып, ал турсун активдүү колдоду. Азыр кээ бир абийири жок адамдар өз кызыкчылыгына жетүү үчүн ар кандай инсинуацияларды колдонгондон уялбай калышпадыбы! Бабановду биринчи кезекте, коомдун ичиндеги мурда болуп көрбөгөндөй активдүү колдоо шыктандырды. Бирок, анын айланасындагы тез аранын ичиндеги атайылап түзүлгөн терс ажиотаж ойлонууга аргасыз кылды. Ачык эле айталычы. Кудай анын бетин ары кылсын, провокация жолу менен бейкүнөө адамдардын ичинде кан төгүлүп кетсе эмне болот эле? Бабанов жооп берип калмак да! Айрым арамза саясатчылар ачык эле авантюрага өтө башташкан эле! Укук коргоо органдарынын “капыстан” эле Бабановдун менчиктерине болгон кызыгуулары дагы жөн жеринен чыккан жок да! Мурда эмнеге унчукпай отурушту эле? Мен билгенден Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келил прокуратуранын суроолоруна жооп бере алам деген аракети күч эле. Тилекке каршы, ага реалдуу тоскоолдуктар жаралып кетти. Демек, окуянын дал ушундай сценарий менен кетишине өтө кызыккан күчтөр бар экени чындык!

– Ал келбей коюп тарапташтарынын ишенимин жоготуп алган жокпу? Эми келем десе аны баштагыдай күтушөбү же “ал баары бир келбейт”- деп коюшабы?

– Эч убакта бир адамды кумир тутуп жашабаш керек. Бирок, азыркы кыргыз саясатынын ичинде Бабанов өз ордун эчак эле таап алган инсан! Андай адамдардын дос-душмандары дагы көп болот. Анан калса, тилекке каршы, бизде көрө албоочулук, ичи тардык, трайбализм деген балакеттер, мамлекеттик деңгээлдеги кадыресе эле көрүнүш болуп жатпайбы! Өзүнүн колунан коко тикенди оруп коюга кудурети келбегендер ийгиликке жетишкендерди акмалап, артынан жамандык издеп калышат. Мен Бабановду идеалдаштыруудан алысмын. Ал деле реалдуу адам, кемчиликтери бардыр. Бабановдун чыныгы күйөрмандары туура эле түшүнүп колдоп турушат. Ары бери чуркап жүргөн арамзаларды эстебей эле коюу керек го?

– Айрым саясатчылар Өмүрбек Токтогуловичти саясий банкрот болду дешти. Мындай баа туура эле берилдиби?

– Саясатта банкрот деген сөз аморфтук түшүнүк. Банкрот – бул экономикалык категория. Черчилль 10 жолу фиаского учураган. Бирок, ал ийгиликтүү жана чыгаан саясатчы катары тарыхта калды.

– Анын кан төгүлүп кетет деген кооптонуусу жөндүү беле же келалбай калып аргасыздан айтылган кеппи?

– Мен дагы ушул суроонун айланасында көп ойлондум. Чынында тобокелчилик бар эле. Айрыкча, кээ бир саясатчылардын ошол учурлардагы агрессивдүү аракеттерии буга далил. Бабанов аяр саясатчы катары мындай жоопкерсиздик кадамдан алыс боло алды. Бул туура кадам. 2010-жылдагы авантюралык аракеттер кан төгүлүүгө алып келди го? Бейажал балдарыбыз өлүп кетишти. Ал трагедияга эч ким жооп да берген жок! Биз мындай катаал жана ырайымсыз окуялардан туура сабак алышыбыз керек да? Бабанов так ошону ойлоду окшойт!

– Депутат Алтынбек Сулайманов: “Бабанов кетээринде 600 миң шайлоочудан сурабай эле Илмияновдор менен сүйлөшүп, Кыргызстандан чыгып кеткен. Эми элди дүрбөтпөй, жөн эле келе берсин”- деди го?…

– Биринчиден, тескерисинче, Бабанов жакын жана жакшы санаалаштары менен кеңешип эле кеткени мага маалым. Ал кезде өтө жаман кырдаал түзүлүп, экс-президент ММК каражаттарынан Бабанов боюнча кандай гана сөздөрду айтып турбады! Унутуп калбаш керек! Элди кайраштырып митинг өткөрүп, анан, мен кетейинби деген суроону коюунун
өзү абсурд болчу! Келем деген аракетин ошол эле күчтөр кандай ажиотаж кылып жиберишти, эл баардыгын көрүп турду.

– Президент“келем’’ деп жаткан Бабановдон кооптонуп, парламентте шашылыш билдирүү жасап жиберген жокпу?

– Президенттин ЖКга келип кайрылуу жасаганы өлкөдөгү жалпы эле абалга тиешеси бардай сезилди. Анткени, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдордун тарапташтарынын аракеттери, Бабановдун өлкөгө кайтып келүүдөгү пикирлери, коррупциялык иштерге болгон кээ бир адамдардын саботаждык кыймылдары расмий бийликти чечкиндүүлүк менен тартип болсун деген эле иш чаралары деп түшүнүү керек. Эми кээ бир алаңгазарлар ар кандай бузуку ойлорду чыгара беришет да!

– Саясий кырдаал мындан да курчушу мүмкүнбү?

– Азыркы саясый абал бир топ эле курч. Менимче, саясый күчтөрдүн поляризациясы башталды. Буга биринчи кезекте КСДПнын ички араздашуу аракеттери себеп болду. Алар 9 жыл бийликти каалагандай калчап, акырында эч качан жоопкерчиликсиз эле конфронтация жолуна түшүп алышты. ЖКдагы фракциясы өзүнчө, партия өзүнчө болушуп, элди «ыргытып» салышты.

 Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: