“Бир жумадан бери Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл Булак айылына чектеш, Өзбекстандын Шахимардан анклавына жакын, кылымдар бою кыргыздар жердеп келген Кара-Дабан, Шалан деген жайлоолорго өзбек жарандары менен аскерлери кирип, ээлик кылууга аракет жасап жатышат. Азырынча жергиликтүү бийлик органдарынан эч кандай реакция жок экендигин өкүнүү менен белгилейбиз”, – деп жазышат Кадамжайлык активисттер.
“Тескерисинче, бул жагымсыз окуяны видеого тартып интернетке – социалдык желелерге таратып, коомчулуктун көңүлүн бурдурган активист инилерибизди бийлик өкүлдөрү коркутуп жатышкандыгы да жашыруун эмес”, – дешет активисттер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ