Menu

Отузунда орок оро албаган Жеңиш Разаков, эми кылыч чаба алмак беле?

Бөлүшүү:

Биздин саясат да, жашоо образыбыз да өтө кызык. Бир акын аялы менен ажырашат, анан башкага үйлөнөт. Аны менен да ажырашып, кайра башкасын алат. Убакыт өткөн соң аны менен да ажырашып туруп кайра мурунку, биринчи аялын алат. Анда досу «Бир чаласы калгансып, Бир алганын эки алган» – деп шакабалаган экен. Мына кудум ушу окуя сыяктуу эле көрүнүш. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дегенибиз 2015-жылы да так ушул кызматты аркалаган. Бирок, кыйраткан эмес. Ал жерден кеткен соң коопсуздук кеңешинин катчысы, андан соң президенттин кеңешчиси болду. Бул жерден деле эч нерсе кыйратпады. Эми болсо вицеликте бүтүрө албай калган бир нерсеси бардан бетер кайра келди. Келип алып эле «күч органдары тармагын реформалайм» – деп билегин түрө киришип жатканын эшиттик. Кантип, кайсыл тармагын, кандай багытта реформалаарын өзү түшүнөт болду бекен? Айлыгы батинке алганга ашпаган милицияны, формасы сүзүлүп, тытылып, эскирип бүткөн армияны, саясыт өңүттөгү ар кимди аңдуудан башы чыкпай, ашка менен алектенбей калган улуттук коопсуздук кызматын, курал сатуу менен курсак тойгузуудан башкага башы оорубаган чек ара тармагын эбак реформалаш керек болчу. Бирок, Разаков мындан эки жыл мурда ушуну ишке ашырса анан айтканына ишенмек элек. Отузунда орок оро албаган кыркында кылыч чаба албайт, Жеңиш мырза.

Булак: De-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: