Менин ишенимдүү жеке булактарым билдиргендей УКМКнын абагында олтурган “Улуттук энергохолдингдин” мурунку башчысы Айбек Калиев тергөө менен кызматташып, кызыктуу көрсөтмөлөрдү бере баштаптыр. Ага ылайык “Бишкек ТЭЦин модернизациялоо” долбоору боюнча кытайлык компания Айбек Калиевге 7 млн доллар кызыктыруучу сыйлык берген. Жарынын суранычы боюнча Айбек Калиевдин жубайы 7 млн доллар акчаны накталай УКМКнын тергөө башкармалыгына алып келип, өткөрүп берген. Ошондой эле Айбек Калиев аталган долбоор боюнча кытайлык компания Сапар Исаковго 40 млн доллар, ал эми Атамбаевге 100 млн доллар кызыктыруучу сыйлык бергени боюнча көрсөтмө берген.
Сабыр Муканбетов, серепчи
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ