Menu

Муфтият Кадыр түн качан болорун айтты

Бөлүшүү:

2019-жылдагы Кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү белгиленет. Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

«Жума күнүнүн ичинде дуба кабыл болуучу касиеттүү учур, беш убак намаз ичинде «ортонку намаз» Аллах Тааланын ысымдарынын ичинде «Исми Аьзам» баардык ибадаттардын ичинде «Алла Тааланын ыраазычылыгы», замандар ичинде кыямат учуру, өмүр ичинде өлүм учуру» адамдарга ачык билдирилбей жашырылган.

Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:

1. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.

2. Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.

3. Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.

Абу Хурайра (Р.А.) Кадыр кечеси тууралуу Пайгамбарыбыздан сурайт Кадыр кечеси пайгамбардын заманасына эле таандыкпы же андан кийин да уланабы? Пайгамбар (С.А.В.) «Кыяматка чейин болот. ………. «Эгерде Аллага бул максат болгондо Өзү эле айтып койбойт беле. Акыркы жети күндөн издегиле деди да, башка сураба!»- деди.

Ал эми «кадыр» деген сөз, ислам окумуштуулары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

3. «Өкүм түнү» дегендикке жатат. Буга ылайык кадыр түн дегенибиз «Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин анык ажыратылган түнү» маанисинде түшүндүрүлөт. Бул жерде айтылып жаткан «тагдыр» эзелки белгилеп коюлган өкүм-чечимдердин ачыкка чыгуусун билдирет.

4. «Кадыр-баалуулук, улуулук» – деген мааниде. Буга ылайык кадыр түнү «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет.

5. «Тардык, кысылуу маанисинде. Мындай болгондо кадыр түнү «кысылуунун, тардыктын түнү» деп чечмеленип, бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылаары жөнүндөгү баяндоолор негизинде түшүндүрүлөт. Кээ бир ислам окумуштууларынын пикиринде, «кысылуудан» максат, акыр аягында зор жакшылыктардын жүзөгө ашуусун шарттаган чон иштердин корулуусун билдирет. Эстеп көргөн болсок, Курандагы алгачкы аян сүйүктүү Пайгамбарыбызга(САВ) Жебрейил периштенин катуу кысуусу менен башталган.

Бул түндүн урматына, Жараткандан бүткүл мусулмандардын биз менен бирдикте күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөөбүз керек. Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусун, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөсүн, мусулман дүйнөсүн ынтымагына жана бүткүл адамзатка түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуубуз керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: