Menu

Кремль Навальныйдын ишин «Түндүк агым – 2» долбоору менен байланыштырбоого чакырды

Бөлүшүү:

Кремль оппозициячы Алексей Навальныйдын иши «Түндүк агым – 2» долбоору менен байланыштырылбашы керектигин билдирди.

Берлин Балтика деңизинин түбү менен газды Орусиядан Германияга жеткирүү каралган «Түндүк агым – 2» долбоорунун ишке ашырылышын активдүү колдоп келет. Бирок акыркы кездери Навальныйдын окуясынан улам Германияда немис өкмөтүнөн долбоорду токтотууну талап кылгандар көбөйдү.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Бундесвер лабораториясынын эксперттери Навальныйдын канынан «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кыла турган химиялык заттын издери табылганын билдирген.

Шаршемби күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саясий маселелерде «Түндүк агым – 2» долбоору айтылбашы керектигин билдирди. «Бул коммерциялык долбоор. Ал Орусиянын да, Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Германиянын да кызыкчылыктарына туура келет», — деди Песков.

«Түндүк агым – 2» долбооруна Европадагы Польша, Украина, Эстония, Латвия жана Литва өлкөлөрү, ошондой эле АКШ каршы болуп келишет.

Ал ортодо Алексей Навальный ууландырылган деп айтылып жаткан «Новичоктун» издери бар бөтөлгө саясатчынын Томск шаарындагы мейманкана номурунан сыртка чыгарылганы белгилүү болду. Бул тууралуу «Проект» долбоору менен Навальныйдын «Инстаграмдагы» блогу жазды. Бул оппозициячы буга чейин болжолдонуп жаткандай аэропортто же учакта эмес, мейманканада ууландырылганын билдирет. Буга чейин «Тайга.инфо» басылмасы мейманкана аймактагы жогорку кызматта иштеген күч түзүм кызматкерлерине жана жергиликтүү аткаминерлерге байланыштуу экенин аныктап чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: