Кечээ, 14-октябрда Москвада мобилдүү диагностикалык клиниканы салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Бул Батыш Европа менен Борбордук Азия өлкөлөрүнө техникалык жардам катары СПИДди жана башка жугуштуу ооруларды көзөмөлгө алуу регионалдык программа алкагында берилди. Бул тууралуу КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мурунку жылдары да дал ушундай клиника белекке берилип, аны менен Чүй, Жала-Абад, Ысык-Көл, Ош облустарында профилактикалык текшерүүлөр жүрүп, алыскы аймактардагы 50 миң кишини тейлеп келет. Ал эми бул жаңы клиника Баткен облусуна берилмекчи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ