“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “интриган” экенин даана көрсөттү. Парламенттеги сүйлөгөн сөзүндө коалиция куроодо Акматбек Келдибековду спикерликтен кетирүүдөгү ыкма колдонулуп жатканын айтып чыкты. Ал өз сөзүндө: “Ушул залда Келдибековду спикерликтен алалы деп 80 добушка жеткире албай турганбызда, КСДП фракциясы коалицияны таратты. Ошол жерде кийинки коалицияга киребиз дегендер Келдибековду колдобогула деген бир гана сыйкырдуу сөз айтты. Ошондо “Ата-Журттун” жарымы коалицияга киребиз, бийликке келебиз деп бизге өтүп кетти. Ошентип Келдибеков кетти. Бирок “Ата-Журт” оппозицияда калды. Кийин өзү таламайга түштү. Бүгүн да ошол технология, “үзүлбөгөн үмүттөр” технологиясы колдонулуп жатат. Мен “Ата-Журтту” бекер эстеген жокмун. Коалицияга баарыңар кирбейсиңер. Эртең ким “лох” болгонун көрөбүз”,- деп, коалицияга киребиз деп “лох” болуп калбагыла деп депутаттардын намысына тийип, келеке кылды. Сыягы Текебаев минтип вульгаризмди аралаштыра айтсам, депутаттар намысынан теригип чалкасынан кетет ойлоду көрүнөт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ