“Нидерландыдагы референдумдун жыйынтыктары Украина үчүн жагымдуу болбогон күндө да биз ЕБга кирүү аракетибизди токтотпойбуз”, – деп билдирди Украинанын президенти Петр Порошенко.
Буга чейин референдумдун катышуучуларынын көпчүлүгү “Украина менен ЕБ ортосундагы ассоциация жөнүндө келишимге” каршы экендиги экзит-пол сурамжылоосунан билинген.
” Стратегиялык жактан алганда бул Украинанын Европага багыт алышына бөгөт боло албайт деп ишенем”, – деп баса белгиледи Порошенко.
Нидерландыдагы референдум кеңеш берүүчүлүк гана мүнөзгө ээ. Эми акыркы сөз Голландиянын жетекчилигинде.
Добуштарды алдын ала эсептөөнүн жыйынтыктарына караганда, 61% “каршы”, 38% – “ооба” деп добуш берген.
Референдумга 32% шайлоочу катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ