Казакстанда опузалоого шектелип Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz ресурсунун негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюросунан билдиришти. Учурда Габдуллиндин убактылуу кармоочу жайга камалгандыгы кабарланууда.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын версиясы боюнча 61 жаштагы Габдуллин өз көзөмөлүндөгү ММКларга мамлекеттик органдардын жетекчилери жөнүндө терс маалыматтарды чыгарып, аларга карата маалыматтык чабуул жүргүзгөн. Андан соң сын макалаларды жарыялоону токтотуу үчүн аткаминерлерди опузалап, жеке медиаресурстары үчүн алардан мамлекеттик буйрутмаларды талап кылып келген.
Бигелды Габдуллин 1980-жылдары казак басылмаларында иштеп, 90-жылдардын экинчи жарымында оппозициялык «XII кылым» гезитинин башкы редактору болгон. Куугунтуктоолордон улам 2001-жылы ал өлкөдөн кетип, АКШда жашап турган. 2004-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевден кечирим сурап, саясий эмиграциядан мекенине кайтып келген.
Казакстанга келген соң Габдуллин Central Asia Monitor гезитинде редактор болуп, «Астана» телеканалында коомдук-саясий берүүлөрдү алып барып жүргөн. 2013-жылы Radiotochka.kz мультимедиялык порталын негиздеген. Габдуллин профессионал жазуучуларды, акындарды жана журналисттерди бириктирген Казак ПЕН-клубунун президенти болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ