Menu

Аида Исмаилова, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “ФОМС бюджеттин акчасын жөн эле коротууда, же жасаган иштери жок”

Бөлүшүү:

– Аида Жекшенбаевна, ФОМСтун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу (ФОМС) өзүнчө эле министрлик болуп калыптыр. Азыр анын штатында 198 (!) киши иштейт. Саламаттык сактоо министрлигинде 75 эле киши иштейт, башкача айтканда, министрликтин штатынан эки жарым эсе көп. Ушунча киши эмне кылып атат аякта? Мамлекеттик кадр кызматынын порталындагы маалыматка караганда, ФОМСтун жетекчиси Марат Калиевдин айлык акысы (мен 2016-жылкысын эле көрүп калдым) 60 миң сом экен. Облустарда регионалдык өкүлчүлүктөрү бар, ал жердеги жетекчилер 20-25 жылдан бери иштеп атышыптыр. Алардын да айлык маяналары аябай көп. Ошол эле учурда биздин врачтардын айлыктары 6-7 эле миң сом. Муну кантип түшүнсө болот? ФОМСтун бюджети Минфиндин, Соцфоңддун акчасынын эсебинен түзүлөт. Өздөрү иштеп тапкан акча эмес, элдин акчасы. Мындайча айтканда, бюджеттин акчасын жөн эле коротуп атышат, же жасаган иштери жок.

Бизге эсеп палатасынын маалыматы келген. Аны окуп отурсаң, бүт эле каржылык мыйзам бузуулар. 40 млн. сомдон ашыгыраак расстрата бар экен, ошонун 5 миллион сомун гана кайра төлөп беришиптир. ФОМСтун акчасы – бул пайызы жок берилчү ссуда эмес да.

– Мындан «ФОМСтун акчасы ошол жерде иштегендердин эле айлыгына кетип, ал эми карапайым жарандар анын пайдасын көрүшпөйт» деген тыянак чыгарсак болобу?

– Мен өзүмдү эле мисалга алсам, менде, жолдошумда, апамда ФОМСтун карточкасы бар. Бирок, эч кимибиз колдонбойбуз. Бирок, ал акчалар бюджеттен которулуп берилип атпайбы. Андай кишилер көп да. Өлкөнүн тең жарымы болуш керек. Ал акчалар каякка жумшалып атат? Бул дагы суроо.

– Сиздин айтымыңызда, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда да көп маселелер бар окшойт…

– Мисалы, Бишкектеги №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коррупциялык иш болгон. Бухгалтери акча жеп, Түркияга качып кетиптир. Дагы бирөөсү 8-бейтапканага жетекчи болуп дайындалыптыр. Муну кандай түшүнсө болот? Айтор, саламаттык сактоо министрлигинде аябай эле башаламандык өкүм сүрүүдө. Жакшынакай иштеген кесипкөй кадрларды иштен кууп, ал эми коррупцияга аралашкандар бири-бирин калкалап, орун которуп иштеп жүрүшөт.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: