Menu

Жанар Акаев, депутат: “Нанын жеп, тузун татып жаткан өлкөгө жана элге доомат артуу туура эмес”

Бөлүшүү:

Вести.кж сайтынан Марина Ким айымдын Кыргызстан тууралуу жазган пикирин окуп абдан таң калдым. Кыргызстанды Мекеним деп атаганы менен, өлкөгө сырттан келген бир байкоочудай эле мамиле жасагандай сезилди. Кыргызстанды сүйөм деп бир нече жолу жазыптыр, бирок ага бул жакта адамдар, эл жакпайт имиш. Эли жакпаса, өлкөнү кантип сүйөт? Кыргызча сүйлө деп кайрылгандар жакпайт экен, аларды жек көрөөрүн жашырбаптыр. Эгерде адам мекенди сүйсө, ал өлкөдөгү айрым кемчиликтерге карабай сүйүшү керек. Бизде кемчилик толтура, бирок мекенин сүйгөн адам «Бир күнү бул жактан кетип калам»,-деп догурунбайт. Ошол кемчиликтерди жоюуга көмөктөшөт, мен ошондой мекендештерибиз менен кымбаттуу Марина айымды тааныштырып коёт элем эгер макул болсо. Алар дал ошол Марина айткан көйгөйлөрдү чечүү үстүндө аракеттенип жатышат. Бирок эскертип коёюун, алардын бир тобу жөнөкөй айылдык балдар, алар менен шаардыкча көйрөңдөгөн өтпөйт )) Болбосо, кемчиликсиз өлкө барбы деги?

Мекенди сүйүү жана андагы проблемалар менен күрөшүү бул улуттан же аймактардан көз каранды эмес, ал Кыргызстанды чындап жакшы көрүүдөн көз каранды. Кыргызча үйрөнүп ал деген да бул айымга катуу тийгени кызык, ошол эле Американын же Орусиянын, балким Кореянын жараны башка тилде сүйлөп, бирок ошол өмүр бою жашаган мамлекетинин тилин билбейт дегенди элестетүү мүмкүнбү? Албетте жок. Тилди үйрөнүүгө ынтызарлыгы жок экенин жашырбай, тескерисинче жектегени өкүнүчтүү. Өлкөдөн кетем же кетпейм деп чечим кабыл алуу ар кимдин өз иши, бирок ошону доомат кылбаш керек. Өкмөттү, элди башкаргандарды сындоо нормалдуу көрүнүш, бирок нанын жеп, тузун татып, суусун ичип жаткан өлкөгө жана элге доомат артуу туура эмес. “Мен кетем” деген кыргыздар деле четтен чыгат, бирок бизге бирөө жакшы мамлекетин бербейт, биз артыкчылыгы, кемчилиги менен кошо Кыргызстанды гана алга сүрөп, ушул жерде гана бактылуу жашай алабыз. Ким кантип салым кошот, ар кимдин жеке иши.

Жанар Акаевдин фейсбуктагы баракчасынан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: