Кезинде «Жаш Толкун» фестивалына катышуу үчүн барган 12 000 талапкердин ичинен жарым финалга өткөн 166 адамдын катарына илине алган Эрлан Андашев кыргыз эстрадасына өзгөчө үн менен баш баккан. Ал бир катар жагымдуу чыгармалар аркылуу сахнадан өз ордун таап, «Сагындырба» чыгармасы аранжировкасынын мыктылыгы менен жаштардын сүйүп уккан ырына, тойлордун хитине айланган. Бирок, акыркы кездери ырчы шоу чөйрөдөн алыстап кеткендей элес калтырган, буга үч жылдан бери журт которуп, АКШда жашап жатканы себепкер болгон өңдөнөт.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ