Menu

Бактыгүл Жеенбаева, Каржы министри: “Бүгүнкү күндө бюджетти колдоо үчүн Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан 291,9 млн доллар келип түштү”

Бөлүшүү:

“Коронавирустун пандемиясынын айынан экономиканын бардык негизги тармактарында экономикалык.  активдүүлүк басаңдады. Өз кезегинде ири суммадагы салык жана башка кирешелердин түшүшүнө тоскоолдук жаратты” – деп билдирди бүгүн, 23-июнда Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева өкмөттүк онлайн-брифингде.

“Белгилүү болгондой, бардык тармактар ​​токтоп, дарыкана, дүкөндөр гана иштеп калган, бардык чек аралар жабылды, мунун бардыгы чоң таасирин тийгизди” – деп билдирди министр.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, Өкмөттүн алдында каржылык жардамды тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү донор өлкөлөргө жана уюмдарга төмөнкү 3 багыт боюнча жардам сурап кайрылууга аргасыз болду.

– бюджетти колдоо;

– коронавирустун жайылышын алдын алуу;

– экономиканы колдоо.

“Эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөткө грант жана кредит түрүндөгү финансылык каражаттарын тартып келүү пландалууда. Бүгүнкү күндө 241,9 миллион доллар Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар келип түштү” – деп билдирди министр.

“Мындан тышкары, жылдын аягына чейин Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан бюджетке 100 миллион доллар тартуу пландалууда. Ошондой эле, Евробиримдиктен 12,2 миллион доллар күтүлүүдө. Бирок биз бул жумуштарды таштабай, сүйлөшүүлөрдү уланта беребиз” – деп кошумчалады Бактыгүл Жеенбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: