Menu

Канышай Мамыркулова, жарандык активист: Мэрдин орду президенттик кызматтан өйдө турабы?

Бөлүшүү:

Жарандык активист, журналист Канышай Мамыркулованын Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктаган комиссиянын чечимине нааразы болуп, Биринчи май райондук сотуна жана Бишкектин район аралык сотуна жазган доо арызы кабыл алынган жок. Мына ушул маселе боюнча, ошондой эле журналисттин кантип жарандык активистке айланганы тууралуу баарлаштык.

– Канышай эже, сөздүн башын кантип жарандык активистке айланып кеткениңизден баштайлы. Анткени, биз сизди калеми күчтүү жана куйкум сөздүү журналист катары билчүбүз. Багытыңызды башка нукка бурдуңузбу?

– Мен дээримен эле активистмин. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенип жүрүп, журналистиканын чек арасынан чыкпаганга мажбур болчумун. Мен иштеген “Сентябрь” телеканалы мурдагы бийликтин тушунда жабылды. Ошондон соң үйдө отуруп, башты өйдө көтөрүп, маселелерге терең карап, социалдык, укуктук көйгөйлөрдү козгой баштадым.

– Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун кыргыз тилин билүү деңгээлине байланыштуу нааразылыгыңызды айтып, кыргыз тилин билбесе да өткөрүп койгондорго капа болуп, соттошууга да бел байладыңыз. Эмне үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болдуңуз?

– Чынымды айтсам, кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор тынчтык бербеди. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканы, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайлар ойго салды. Кыргыз тили мен үчүн, сиз үчүн же кайсы бир топ үчүн керек эмес. Ал жалпыбыздыкы. Мени кейиткени, тил маселеси мамлекеттик машинанын куралы болуп кеткени болду. Тилдин кадыры мамлекеттик деңгээлде тепселгенине өкүнөм. Эгер эне тилибизге урмат кыла албасак, аздектеп күтө албасак, анда 23-сентябрды Мамлекеттик тил күнү деп белгилөөнүн эмне кереги бар?

– Нааразычылыгыңызды жар салып, кыйкырганыңыз менен кыргыз тилчилер, мамлекеттик ишмерлер үн каткан жок го?

– Анткени, кыргыз тил кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн курал болуп жатат. 2017-жылы өкмөттүн №490-токтомуна кол коюлган. Ал кезде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болчу. Ошол токтомдун негизинде “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына талапкерлигин койгон жана кызматты ээлеп турган адамдар үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө” жобо иштелип чыккан. Ошол жобого ылайык, былтыркы президенттик шайлоодо тил сынагы өтүп, ошол токтомдун негизинде “Кыргызтест” түзүлгөн. Эмне үчүн ал эреже шаар мэрии шайлоодо колдонулбайт? “Мэр кызматы президенттик кызматтан өйдө турабы?”- деген маселеге баш катырып жатам.

Ал тургай Ош шаардык мэрии шайлоодо деле ушундай ыкма колдонулуп, мэрлик кызматка талапкер болгондордун мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоодо “Кыргызтест” эрежелери колдонулбай, жети кишиден турган топ эле сынактан өткөрүп жыйынтык чыгарып койду. “Анда эмнеге “Кыргызтест” түзүлдү?”- деген маселе жаралат. Тилчи-профессорлордон турган топ “мэр тилди билет” деп тыянак чыгарып коё турган укукту аларга ким берди? Кыскасы, токтом аткарылбаган соң алардын корутундусу да мыйзамсыз экенин айтып, сотко кайрылууга аргасыз болдум.

Чынында Суракматов “эл”, “шаар” деген сөздөрдү туура эмес жазды. Ошон үчүн бул кырдаалга жооптууларды, тагыраак айтканда, өкмөттүн, Мамлекеттик тил комиссиясынын, Борбордук шайлоо комиссиясын жана «Кыргызтест» мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнүп, сотко кайрылдым. Бирок арызымды Биринчи май райондук соту да, район аралык сот да артка кайтарды. Алар 2017-жылдагы Жарандык-процессуалдык кодексти шылтоо кылып, Биринчи май райондук соту Район аралык сотко түрттү.

“Шайлоого байланыштуу ишти алар карайт”-деп. Чынында өкмөттүн токтому аткарылбаганынын өзү шалаакылык, алар арызымды алышы керек болчу. Андан кийин, 17-августта Бишкек район аралык сотуна кайрылдым. Булар болсо “сиздин маселени алгач Борбордук шайлоо комиссиясы караш керек,”- дейт. Ошол Борбордук шайлоо комиссиясына баш ийген Аймактык шайлоо комиссиясы өзү ката кетирип атса, мен алардын ишине нааразы болуп даттансам, кайра өздөрүнө каратуунун зарылчылыгы жок да. Ага карабай бири экинчисине, экинчиси үчүнчүсүнө түртүп жатышат.

– Мындан ары кандай кадамга барасыз?

– Мен кайрыла турган кийинки инстанциялар да арызды четке кагышы мүмкүн. Эгерде мен олигарх, мансапта отурган адам болсом, маселе мен тарапка чечилмек. Бирок, мен укукту талашам. Юрист болбосом дагы маселенин төркүнүн түшүнүп турам. Мен көздөгөн максатыма жетпешим мүмкүн. Кимдин пайдасына чечилерине да көзүм жетет. Бирок биз мындай мамилени токтотушубуз керек. Пикирибизди айтып, жок дегенде каршылык билдирип турушубуз кажет. Кандай болгон күндө да тилдин кадыры үчүн күрөшө берем.

– Кыргыз тилине байланыштуу көтөргөн маселеңиз улутчулдук катары сыпатталбайбы?

– Менин кыргыз тилине күйгөн аракетимди радикал улутчулдук катары кабыл албооңуздарды суранам. Мэр болуп шайланган Азиз Суракматовду да жек көрбөйм, жеке өчүм да жок. Тилдин укуктук маселесин гана көтөрүп жатам. Радикал маанай – башкаларды кыргызча сүйлөөгө мажбурлоо. Мен болсо мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде жасалган мыйзамсыз мамилеге нааразы болгонумду коомго ачык айтып жатам.

Ч.Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: