Menu

Тыныштыкбек Абдикекимов: Шорубуздан алда кимдер таап бакыт, Бактыбыздан ким бирөө шорлоп калар…

Бөлүшүү:

Казак акындары дегенде адегенде эле кыялыма акындардын алпы Мукагали Макатайдын өрттүү, сезимди дирилдеткен саптары келет. Бул акындын чыгармачылыгына кызыгуум артып, бир топ ырларын кыргыз тилине да оодарып келем.

Андан кийин 2015-жылы Алматы калаасына азыркы жаш казак акындарынын жоон тобунун көрүнүктүү өкүлү, өзү да жазган ырларындай шар жүргөн Саят Камшыгердин чакыруусу менен Атантай Акбаров баш болгон кыргыз акындары чыгармачылык пикирлешүү, сукбатташуу, окурмандар менен жолугушуу үчүн барганбыз. Анда Даулетбек Байтурсын уулу, Саят Камшыгер, Жанар Абсадык, Алтыншапак Хаутай кызы сыяктуу жаштардын ырларын окуп, өздөрү менен таанышып келдик.

А бул сапар болсо казактын дагы бир үлкөн акыны Тыныштыкбек Абдикекимовдун «Алкоңур дүнүйө» деп аталган китебин барактап, андагы акындын аруу дүйнөсүнө баш багып олтурам. Китептеги ырлар казак акындарына мүнөздүү (ачык айтканга алар капа болушпас) курулай пафостуулуктан, шарттуулуктан оолак, эрксизден ойлонтуп, философиялык ой-толгоолорго бай:

—Айтыңыз, убакытка кулбузбу, ага? десе кантем бүгүнкү уул кыз мага?

Иттей кылган тирилик ай,

Каршыңдан да,

Ал суроого мойнуңду бургузбаган! – деген саптарынан бири-бирибиздин алы-жайды сурашууга чыгынбаган тирлик түйшүктөрүнөн күрсүнүүнү, тереңде катылган өкүнүчтү угабыз.

Ашыгабыз!

Көңүл – ак, жол – капкара, мерчем болбой алдыга жөндөп карар, шорубуздан алда кимдер таап бакыт, багыбыздан алда ким шорлоп калар. Акындын махабат темасындагы ырлары да өзгөчө кайрыктарга, күтүүсүз табылгаларга бай. Бул темада жазбаган акын жоктур. Бирок Тыныштыкбек аганын сүйуү ырлары өзү айткандай, сени сүйүү – ааламга маңдайдан нур таратуу… сүйгөнү үчүн ар качандан бир качан санаага батуу, азап тартуу… Буга төмөнкү ыр далил:

Сени сүйүү – күрсүнүп, күндө күтүү катыңды…

Кат жазам деп мен да көп түнгө калем матырдым.

Түнгө калем матырдым, жаныма издеп бир арга,

Калемимдин учунда айылымдын оту бар.

Саамайымдын түсүнөн аккан күндү санадым,

Сени сүйүү – ааламга маңдайдан нур таратуу.

Азап болсо ар дайым, мен сен үчүн тартайын,

Бүркүт таңшып тoo жакта, бел ашууда март айы…

Сөз акырында эмне демекчибиз, поэзия – чексиз аалам, мына ошол ааламда Тыныштыкбек Абдикаимовдун ырлары да өзүнчө бир планета, кооз жылдыз. Баса белгилеп кетерибиз, Тыныштыкбек Абдикекимовдун ырлары мамлекеттик сыйлыкка татыктуу деп эсептейбиз. Биз болсо, дагы бир казак акыны менен таанышканыбызга кубандык.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: