Menu

Туйгуналы Абдраимов: «Аслан Сартбаев, сен эмне эле «биз Чүйлүктөр” дейсиң, сен Чүйлүк эмессиң, сен келгинсин! Кытайлар эч качан Чүйдү жердеген эмес”

Бөлүшүү:

Биздин сайттын кожоюну Бегалы Наргозуевдин маегин сунуш кылабыз.

-Бегалы Молдогозуевич, “Азия ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев эмне эле сизге ээнооздонуп, асылып калды?

-Аслан тууралу кайсы бир гезиттерге сын материал чыкса, аны биздин Кыргызтудэй сайты дайджест иретинде жарыяласа эле ал ызаланып, чычалап жатып калат. Кыргызстандагы элдин баарын сындаган Аслан “Сынчынын сыңар өтүгү майрык “ дегендей өзү бир кыпындай сынды көтөрө албай катуу чычалайт. Сынга мынчалык ызакор кишини көргөн эмесмин. Анын логикасы  боюнча ал өзү элдин баарын сындап жазганга акысы бар, бирок башкалар ал тууралу сын жазганга укугу жок. Биздин сайтка ал тууралу негатив материал чыкса эле мага таарынычын айта баштайт. Мен укпай койсом, кек сактап, кайсы бир саясатчылардан комментарий алып, бирок алар айтпаган сөздү айтты кылып  кошуп, мен тууралу энооз сөздөрдү гезитине жарыялап, шантаж кылгысы келет. Мындай окуялар көп болду. Мен эки-үчөөсүнө токтолойун. Акыркы таарынычы бул жакында эле “Майдан” гезитине жарыяланган Аслан Сартбаевди сындаган эки макаланы Кыргыззтудэй сайты өз бетинде жарыялаганы үчүн мага таарынычын билдирип, экөөбүз фейсбуктагы жеке баракчалардан жазышканбыз. “Майдандын” ушул акыркы эки макаласына аябай ызаланды. Биз ал дайджест материалдар экенин айтып түшүндүргөнбүз, бирок, ал материалдардын авторуна эмес, аны дайджест катары жарыялаган бизге таарынып, кекенип калган. Жообу ошол болуптур: “Азиз Турсунбаев Бегалы менен Равшандын мойнун кайрыйм деди” деп өзүнүн гезитине маалымат жарыялаптыр. Бирок Азиз Турсунбаев бизге андай сөздөрдү айтпаганын билдирди. Асландын логикасы боюнча ушундай примитивдүү калптарды өз гезитине жарыялай берсе эле биз коркуп кетип, ал тууралу сын материалдарды жарыялабай калабыз. Бирок, андай болбойт, Аслан биз үчүн “ыйык уй” эмес, ал тууралу гезиттерге кандай гана материал жарыяланбасын биз электрондук версиясын жарыялай беребиз. Эгер биз тууралу жалган маалымат таратса ассиметриялык жообун дайыма алып турат. Анын коркутууларынан коркуп калчу биз жаш бала эмеспиз.

Аслан Сартбаев менен генерал Курсан Асанов экөөсүнүн ортосундагы жаңжал боюнча силердин сайтка чыккан акыркы маалыматка аябай чычалап жатат го?

-Аслан Сартбаевди генерал Курсан Асанов “Белладжио” ресторанында урганы боюнча маалыматты эң биринчи болуп  биздин сайт жарыялаган. Анткени ал окуяны бизге Аслан өзү эң биринчи болуп жеткирген. Жарыялап, колдоп  коюубузду суранган. Биз албетте, Асланды колдоп, генерал Курсан Асановду жектеп, ал мушташтын Аслан бизге айтып берген версиясын жарыялаганбыз.

Эми биз ал мушташтын экинчи тарабынын версиясын жарыяласак, Аслан адатынча чычалап, мага дагы фейсбуктан таарыныч кат жазды. Гезиттерге интервью берип, бизди жаш балача коркутуп, муштумун кезеп жатат. Асландын логикасы боюнча биз ал мушташтын Аслан айтып берген гана версиясын жарыялоого укугубуз бар, ал эми экинчи тараптын версиясын жарыялоого укугубуз жок экен…

Сизге мурун да Асландан ушуга окшош асылуулар болуп келгенин байкаганбыз…

– Ооба андайлар болуп келген, анын баары эле ушул сыяктуу ызакорлуктан чыккан. Мисалы, элге кеңири тараган Туйгуналы Абдраимов менен Аслан Сартбаевдин жаңжалын да биздин сайт эң биринчи болуп жарыялаган. Анткени аны бизге таяк жеген Аслан Сартбаев өзү жеткирип, колдоп коюубузду суранган. Аслан Сартбаев мага өзү мушташтын кандай болгонун мындай айтып берди: “Бишкектеги “Охота на овец” ресторанына  мен жана Сабыр Муканбетов экөөбүз Чүйлүк саясатчылардын башын бириктирели деп Темир Сариев, Канат Исаев жана Туйгуналы Абдраимовдорду чогултканбыз. Анан сөздөн сөз чыгып олтуруп, бир убакта эле Туйгуналы Абдраимов :”Аслан, сен эмне эле “биз чүйлүктөр” деп жатасын? Сен Чүйлүк эмессин! Чүйдү эзелтен солтолор, моңолдор жана башка уруулар жердеген. Сен уруум кытай дейсиң, кытайлар эч качан Чүйдү жердеген эмес. Сен келгинсин!” деп кирсе болобу… Анан мен да “Туйгуналы байке, сиз да саткынсыз! Бир кезде досуңуз Атамбаевди сатып, Бакиевдер тарапка өтүп, Түштүк Кореяга элчи болуп кеткенсиз!” деп салдым. Ачуусуна чыдабаган Туйгуналы колунда коньяк ичип жаткан бокал менен мени башка чапты эле, бешенеме тийди, жыгылып кетип кайра турдум. Ортобузга түшө калган Сабыр Муканбетовду да ыргыта койду. Сабыр да жыгылып түштү. Ага да ыраазы болбогон Туйгуналы экинчи бокалды ала коюп мени урду эле тийбей калды. Анан Темир, Канат ортого арача түшүп жатып, Туйгуналыны араң басышты. Мен туруп кетип калдым. Алар, төртөөсү ошол жерде калышкан…”  Биз албетте Аслан Сартбаевди колдоп, Туйгуналы Абдраимовду жектеп, Асландын версиясын жарыялаганбыз. Таяк жеп жатса “өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылбайлы деп Туйгуналы Абдраимовдун “Аслан, сен Чүйлүк эмессин, сен келгинсин!..” деген сыяктуу сөздөрүн жарыялаган эмеспиз.

Эртеси Аслан колдогонубуз үчүн ыракматын айткан. Биз бул чүйлүктөрдүн жолугушуусу эмне себептен болгонун билгенден кийин экинчи бир маалымат жарыяладык. Ошол күндөрү түштүктүн үч чоң саясатчысы Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев биригишкенин жарыялашып, түштүктү аралап, эл менен жолугушууларга чыгып кетишкен. Муну туурап Чүйдүн үч чоң саясатчысы да биригүүгө аракеттенүүсү  мушташ менен аяктаганын жаздык. Аслан мага “катырыпсыңар!” деп ыраазычылыгын билдирген. Анан эле эки-үч сааттан кийин мага кайрылып: “Темир Сариев аябай жаман болуп жатат, мага телефон чалып, ошол материалды алдырып салбайсыңбы деп аябай суранып жатат. Мен убада кылдым эле, алып салыңызчы ошол материалды, аябай суранам…” дей баштады. Биз албетте болбой койдук. Темир Сариевге жакпаган эле материалдарды алып сала берсек, ал кандай болот? Дегеле сайтка чыккан материалдарды алып салууну суранган суранычтар күн сайын болуп турат. Биз ал суранычтарды аткара берсек, дегеле сайтта материал калмак беле… Асланга ачык эле “болбойт” дедик. Ал кекенип калды. Анан эле “Рустам Маманов Бегалы менен Рыскелдини чөгөлөтөм деп жатат” деген сыяктуу материалдарды өз гезитине жарыялай баштады. Мен албетте андай сөздөрдү Рустам Маманов айтпаганын билгемин, аны кекчил Аслан өзү кошуп коюп жатканы айдан ачык эле… Рыскелди Момбековдун “Фабула” гезити да ошол учурларда Аслан Сартбаевдин жазмакерлик кылыктары тууралу материалдарды жарыялаган болучу…

Асландын мындай бир топ жоруктары бар, сөз кезеги келгенде айтып берербиз. Бирөөгө сын айткан адам өзү да сынга чыдамкай болуш керек. Айрыкча саясатчы болом деген адам эки эсе чыдамкай болгону дурус. Аслан деле саясатчы болом деп КСДПнын тизмесинде депутаттыкка деле ат салышканы бар. КСДПчылар сындаганды гана билбестен сынды да көтөрө билиши керек. Бизди деле сындап жатышат, айрыкча атамбаевчилер биз тууралу эмне гана жомокторду жазышпады. Көңүл бурган деле жокпуз. Өздөрү болсо бир кичине эле сынга чычалап, жер тээп, муштумун кезеп киришет. Кыргыздын “чычалаган чын болот” деген сөзү бекер айтылбаса керек.

Аслан Сартбаев өзү деле сиздердин сайттын колдоосун көп пайдаланып жүргөн турбайбы?

-Ооба, ошол кезде президент Атамбаевдин кабинетине жолугушууга кирип чыккан саясатчылар бизге көп шыбырашып калышар эле: ”Алмаз Шаршенович силер көп сындаганданбы же башка себеби барбы, айтор анын кабинетиндеги компьютеринде Кыргызтудэй сайты дайыма ачык турат экен…” деп. Аслан Сартбаев да эки-үч саясатчыга “Туйгуналы Абдраимов БШКнын төрагасы катары президент Атамбаевге жолугушуп чыккандан кийин “Алмаз кечке эле Кыргызтудэй сайтын окуп олтура берет экен. Качан кирсем компьютеринде Кыргызтудэй сайты ачык турат” деп айтты” деп билдириптир. Аны бизге көрүнүктүү саясатчылар айтып келди. Андан тышкары Аслан Сартбаев  өзүнүн бир кездеги досу, Мамкаттоо кызматынын төрагасынын экс-орун басары Самсалы Четинбаевди “атып салам!” деп тапанча такап коркутуп, досу милицияга арыз жазып, Асланды камап салышканда да Асландын келинчеги, адвокаттары Асландын Атамбаевге абактан жазган кайрылууларын “Аслан суранып жатат, колдоп, жарыялап бергиле” деп алып келгенде Кыргызтудэй сайты Асланды  колдоп, жарыялап турган.  Абактан чыккандан кийин Аслан деле биздин колдообузга ыраазычылыгын билдирип, гезиттерге интервью берген.  Кийин белгилүү укук коргоочу, жаш саясатчы Адил Турдукулов күбөлөрдүн көзүнчө: “Бегалы байке, сизге ракмат! Досум Асланды жакшы колдоп бердиңиз, Асландын абактан жазган кайрылууларын Кыргызтудэйге байма-бай жарыялап турдуңуздар. Аслан кайрылууларын берип жатып “Сөзсүз Кыргызтудэйге жарыялаткыла, Атамбаев окусун, Атамбаев Кыргызтудэйди эле окуйт” деп суранып жатты. Силер жакшы колдоп бердиңер”, деп ыраазычылыгын билдирген. Эми бул сөздөр айтылбай турган сөздөр эле, Асланга жооп кылып айтылып кетти өзү эле.

-Эми ал сиз менен мушташам, “жарып салам” деп гезиттерге интервью берип жатыптыр го, мушташасыздарбы?

– Саясатчы Алтынбек Сулайманов менен да мушташам деп кыйкырып жүрдү эле  мушташыптырбы? Мамкаттоо кызматынын экс-төрага орун басары Самсалы Четинбаевди “атып салам!” деп жаткан эле атып салыптырбы? Серепчи Сабыр Муканбетовду бир журналисттердин кечесинде мушташам деп сыртка алып чыгып кеткен экен, мушташыптырбы? Мен аны менен мушташкыдай жинди белем, эл эмне дейт? Өзүнөн бир топ кичүү бала менен мушташып жүрөт деп сөз кылбайбы. Анын “расчету” да ошол да “булар мага теңелбейт, теңелсек уят болобуз” деп качышат деп. Аны менен мушташпайм, бирок катылса коргонуп коюшум мүмкүн. Андан көрө Асланга сунушум бар, ошондой эле күчүң ашынып жатса улуу-кичүүгө асыла бербей менин өзүң теңдүү бир иним бар, ошол менен күрөшкө эле түшчү. Сенин күчүңдү көрөлү, бирок эркекче жекеме-жеке болсун, чөөлөрчө “толпа на толпа” деген бул жүрөгү жоктордун митаамдыгы болот. Бирок, Асланга айтып коюшум керек: “Эсиң барда этегиңди жап”. Сен өз гезитиңе кожоюндук кыл. Биздин сайтка кожоюндук кыла албайсың. Биздин сайтка кандай материалдар жарыяланарын биз өзүбүз чечебиз. Сен аралашпа. Анын ичинде сен тууралу материалдарды жарыялоону да токтотпойбуз. Сен бизди шантаж кылып, коркутуп-үркүтүп токтото албайсың. Мага демек автомат менен кел, биз сен тууралу сын материалдарды жарыялаганды токтотпойбуз. Кырылышкан күндүн эртеси дагы күчтөп жарыялайбыз. Эмне мынча ызакорсун? Бирөөнүн сыны катуу тиет бекен? Анда эмнеге элдин баарын сындап жүрөсүң? Бирөөлөрдү сындагандан кийин сен да ошондой ачуу сындарга даяр бол! Сен өзүңдү эмне сын айткыс “ыйык уй” катары сезип калдыңбы? Сен элди кандай сындасаң, коомчулуктун да сени ошондой эле сындоого акысы бар. Ал эми жалган жалааларды ойлоп таап жаза турган болсоң биз фактылар менен ассиметриялык жообун берип турабыз. Буга бөркүңдөй ишене бер. Сенин душманың көп болгондуктан биздин редакциянын куржунун сенин кылыктарыңа толтуруп коюшту. “Өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло” деген кыргыздын улуу сөзүн унутпай жүр иним!

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: