Menu

Бириңерден бириң эр, мэр болом деген кимиңер?

Бөлүшүү:

«Дубана мэр», «T9» деген каймана аттарга ээ болгон экс-мэр Албек Ибраимов алкымынын айынан камакка алынгандан кийин, Бишкек шаарынын мэринин креслосу бош калган. Албетте, кудай бешенесине жазган адам шаар башчылыгына келет деңизчи. Бирок, мэр шайлоого чейинки «мэр болом» дегендердин дымагы, коомчулукту бир топ эле дурбөлөңгө салып койду.

Башкасын айтпасак да, өмүр бою «мент» болуп иштеген Мелис Турганбаевдин: «Мен мэр болом» – деп чыгышы көпчүлүктү таң калтырды. Анткени бул адамдын иш алып баруусу ар дайым ызы-чуу менен коштолуп келгени элдин эсинен кете элек. «Коопсуз шаар» долбоорун да ушул генерал акебиз баштап, бирок коррупциялык иш аракеттери байкалып долбоор аягына чыкпай калганы белгилүү. Убагында, Камила Дүйшөбаеванын өмүрүн кыйган кылмышкерлерди «мен табам» деп «төш какканы» менен натыйжалуу жыйынтык кыла алган жок. Бул сыяктуу иштерин айта берсек, сөз учугу узарып кетчүдөй. Кези келсе сөз кылаарбыз.

Турганбаев, канчалык кыйын «мент» болсо да шаарга чарбачыл, иш билги менеджер керек экенин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Анын үстүнө, 3 күн мурун мэрге талапкерлердин документтерин кабыл алуу аягына чыкты. Бирок, Турганбаев эмнегедир документтерин тапшырган эмес. Демек, генерал мырза өзүнүн коомчулукка «мен бармын» деп эбак өчүп бара жаткан «жылдызын» кайра жандырууга амал кылган шекилдүү.

Дагы бир мэр болууну «самаган» бул Алтынай Өмүрбекова болду. «Чөгөлөп калбай тик туруп качып кеткен» кадимки Бабановдун «Республика – Ата Журт» партиясынын активдүү мүчөсү. Алтынай Өмүрбекова учурда даражалуу вице-премьер-министр кызматында иштеп жаткан кези. Ага алымсынбай көнгөн адаты менен «Республика-Ата Журт» партиясы «көшөгө артындагы» оюндарын ойноду.

Мындай кош стандарттуу саясаттан улам, Алтынай эжекебиз да оозунан жаңылып, «колдогонуңарга рахмат, ойлоноюн» демиш болуп барып оңолду.

Мындай кадамга Өмүрбекова эч качан барбайт эле. Кыязы, качкын Бабановдон «ушундай кыласыңар» – деген «кыска СМС» келген шекилдүү.

Ал ортодо, 47 жаштагы «Азиз Суракматов» деген Фрунзе шаарында төрөлүп, Бишкек мэриясында бир топ жыл иштеген талапкер каттоодон өттү. Буга чейин «бизнестин битин сыккан» адам болсо да, «Бизнестен толук баш тартып, Бишкек шаары үчүн билек түрүнө иштеп берем» – деген убадасын берди.

Бишкекти өнүктүрүү үчүн атайын түзүлгөн программасы менен да тааныштырды. Көпчүлүк «ишкер болсо, мэриянын «ашканасын» ичинен билсе, бул жигит иштейт» -дешип үмүт артып турушат. Болгону айрым кокуйлар гана мэрге талапкердин өңү-түсүнө асылып, айлалары кетип «шакылыктап» жатышат. Андан көрө, иш тажрыйбасына, мекенчилдигине, иш билгилигине карап баа беришсе болмок.

Чындап келгенде ким мэр болсо да бишкектиктердин «казанына аш» салып бербейт. Болгону, шаардын инфраструктурасын жакшыртып, таштанды маселесин чечип, калкка кызмат көрсөтүү жагын жолго салып борборду кайрадан жашыл шаарга айлантса эле болду. Биздин баамыбызда Суракматов Бишкектин жетекчилигин камчы салдырбай тартып кетээринде шек жок.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: