Menu

Чалдыбарда 37 тонна бензинди мыйзамсыз алып бара жаткандар кармалды

Бөлүшүү:

КРнын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча финансы полициясы “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте акциз алдындагы топтун товарларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, 11-декабрда “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү-майлоочу материалды жеңил көмүр суутек аралашмасына жамынтып, бензиндин өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк затты алып бара жаткан “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Сурамжылоонун жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу жогоруда аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу жол-жобосун жүргүзүшкөн.

Учурда, бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: