Menu

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуялар боюнча сот ишин жүргүзбөйт

Бөлүшүү:

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуялар боюнча сот ишин жүргүзбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда экс-президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, соттолуучу Ирина Карамушкинанын адвокаты судья Марат Сыдыковду ишти кароодон четтетүү тууралуу өтүнүч келтирди. Сыдыков бул өтүнүчтү канааттандырып, чечимди соттун төрагасына жөнөтөрүн билдирди.

Ошентип, Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуялар боюнча сот ишин жүргүзбөйт.

Эскерте кетсек, буга чейин сотто мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев камакта калууну суранып, ал баарына чыдай тургандыгын айткан. Кой-Таш окуялары боюнча жаңы сот жараянынын мөөнөтү 11-январга чейин узартылды. Атамбаевдин бир катар тарапкерлеринин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылды. Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов 9-октябрда Ала-Тоо аянтында массалык баш аламандык уюштурган деген шек менен темир тор артында калышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: