Menu

Ашхабад бийлиги тургундарга «бекер суу» үчүн айыппулдарды салууда

Бөлүшүү:

Ашхабаддын тургундары мурдагы жылдары пайдаланган суу үчүн акча төлөөгө мажбурланып, төлөбөгөндөрүнө айыппулдар салынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, шаардыктардын көбүнүн айыппул төлөтүү системасы жана алардын баалары тууралуу маалыматтары жок.

«Жарандар мурдагы жылдарда пайдаланылган суу үчүн төлөнчү суммалар жана айыппул өлчөмүн коммуналдык кызматтын өкүлдөрү келгенде гана билип жатышат. Азыр шаардыктардын көбүнө 2017-жылдын ноябрынан бери пайдаланылган суу үчүн айыппул салынууда. Мындан тышкары 2015-2016-жылдары пайдаланылган суу үчүн да төлөм талап кылышууда», — деп жазды басылма.

Акыркы жылдары Түркмөнстанда калк арасында суу жана газ эсептегичтерди орнотуу иштери жапырт жүрүп келген. Бирок сууга, газга жана электр жарыгына болгон жеңилдиктерди толук жоюу чечими 2018-жылы сентябрда гана кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: