Menu

Тазабек Икрамов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Билим берүүнүн отличниги болуш үчүн сөзсүз түрдө мугалим болуп иштеш керек эмес”

Бөлүшүү:

– Тазабек мырза, «Билим берүүнүн мыктысын» алганыңыз коомчулукта талкуу жаратты. Бул даражалуу сыйлыкты алууга кантип жетиштиңиз?

– Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын аягында мага ушул сыйлыкты берип калышты. Албетте, мен үчүн жакшы жаңылык, жышаан болду. Аны танбайм. Баардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот. Сүйүнүү менен кабыл алдым. Анан эле бир жактуу мени каралал, жамандап, «ал мугалим болбосо же эки жыл мугалим болуп иштеп алып, эмне үчүн «мыктысын» алып жатат» деп чуру-чуу түшүп жатып калышты. Министрлик да «бул сыйлык депутатка бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келатканы үчүн берилди» деп да жооп берди. Мен да айтат элем, билим берүү тармагынын отличниги болуш үчүн сөзсүз түрдө мугалим болуп иштеш керек эмес. Мен мугалим болуп иштегеним деле чын. Бул тармактан алыс эмесмин. 1998-2000-жылдары мугалим болуп иштесем, 2004-жылдан бери өзүм туулуп өскөн Сузактагы атамдын атындагы спорт мектебине жакыңдан жардам берип, иштешип, балдардын спортуна көңүл буруп келе жатам. Жыл сайын Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын баардык облустарында эл аралык турнирлерди өткөрөбүз. Андан тышкары, парламенттеги социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрага орун басарымын. Андыктан, үч жылдан бери билим берүү тармагында тыгыз кызматташып, реформа кылганга, жакшы мыйзамдарды колдоп, кубаттап, парламенттен көтөрүп жардамым тийип келет. Билген кишиге мунун баары чоң көмөк да. Ушул салымдарымды эске алып, сыйлык беришти.

– Сыйлык аларыңыздан кабардар белеңиз?

-Жок. Сыйлык алганым мага күтүлбөгөн жерден болду. Мени комитет сунуштаптыр. Кесиптештериме ыраазымын. Анан жанагы чычалап көтөрүп чыккандар эмнеге анча күйүп, түтөп жатышат, түпгүнбөйм. Чоң деле сыйлык эмес го бул. Чынында, бул сыйлыкка мен муктаж деле эмес болчумун. Айтайын дегеним, коомчулуктун нааразылыгын туудуруп, сыйлык алганымдын кереги жок болчу. Адамдар бири-бирибизге ичкүйдүл үк, бут тосуу, ийгилигин көралбай, жаманатты кылуу сыяктуу жаман адаттардан алыс болсок. Эки күндөн бери соцтармактарда ушунчалык боктоп жатышат. Кудайга койдум. Бирөөнүн жетишкендигин көралбаган, бир тууганына жакшылык кыла албаган адамдар катары кабыл алып жатам аларды.

– Депутаттыктан сырткары эмне иш кыласыз?

– Спортко көп убактымды бөлөм. Жакында Грузияда өтө турган чемпионатка даярданып жатам. Мындан тышкары, жеке ишкерчилигим бар. Депутат болуп келгенден бери көп иштерге жетишпей калып жатам.

– Алкоголдук прюдукцияларга «Манас» эпосунун каармандарынын атын ыйгарууга тыюу салууну сунуштап чыктыңыз. Демилге көтөрүүгө эмне себеп болду?

-Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкей ж.б. «Манастагы» каармандардын аттарын спирт ичимдикгерине пайдаланып жатышат. Бул туура эмес. «Манас» – дүйнө шедеврлеринин катарында турат, кыргыз элинин уникалдуу мурасы. Биз, кыргыздар Манас атабызды туу тутуп, «Манастын урпагыбыз, тукумубуз» деп жашап келебиз. Андыктан, Манас аты менен дүйнөгө белгилүү калк идеологиясын булгаганы жакшы эмес. Тарыхыбызды жерге тебелеген болбойт. Манастын атын алкоголдук ичимдиктерге колдонсок, биздин келечек урпактарга терс сабак берген болобуз. Мындай көрүнүш жаштар идеологиясына терс таасирин тийгизип жатат. Келечек муундарыбыз «Манас ким?» десе, «я слышал, что такой коньяк есть» деп турса, мындан өткөн шермендечилик жок. Ошондуктан, буга чейинки ушундай аталыштагыларды жаап, мындан аркысына жол бербеш керек. Парламент бул маселени колдоп берерине ишенем. Кыргызстанды ойлогон, жүрөгүндө жалыны бар адам муну четке какпайт. «Карышкыр», «Кашкулак», «Аюу» деп коюп алып, сата берсин. Манастын атын койбосун.

– 17синде эмне болот, дүрбөлөң түшүп жатышат?

– Эч нерсе болбойт. Бийликке жетпей калган, эл бузар адамдар, же кандайдыр бир акчага сатылган, азгырылган адамдар митингге чыгабыз деп жатышат. Мамлекеттин бүтүндүгү, туруктуулугу баарынан бийик туруш керек. Дүрбөлөң кыла турган болсо, дагы бир канча жыл артка кетебиз. Бул иштердин артында өзүнчө патриот сөрөй болгон эски коллегалар турушат. Убагында алар деле бийликте турушкан. Эч нерсе кыла алышкан эмес, оңдоо мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп оңдошкон эмес, колдорунан келген эмес. Эми куру кыйкырык менен сайрап, элди туура эмес үгүттөп жатышат. Аларды мыйзамга такап, «мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чагымчылык кылды, төңкөрүшкө себепкер болду» деп туруп кармап, камап салыш керек. Антпесе, булардын аракеттеринен келечекте Кыргызстандын мамлекет болбой калуу коркунучу туулууда.

– Тополоңдордон жазга барып парламент тарап кетүү коркунучу жокпу?

– Тарайбы-тарабайбы, билбейм. Бирок, өлкөдө туруктуулук болушун каалайм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: