Menu

Мелис Толтоев: “Россияда иштеп калышыма жогорку маяна себеп болду”

Бөлүшүү:

Биз сөз кылуучу каарман болгону 32 жашта. Ал 28жашында медицина илиминин кандидаты болууга жетишкен. Мына ушундай чыйрак кадр алыскы Россиянын Новосибирск облусунун 70 жылдыгы атындагы Татар райондук ооруканасында башкы ординатор-хирург болуп 2012-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Бешиктен бели чыга элек студент кезинде эле 40тан ашык илимий иш жазган сейрек кадрдын буга чейинки басып өткөн жолу кызык. Анда калган кепти өз оозунан угуп көрөлү.

– Мелис мырза, эң татаал, жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү кесипти аркалап калышыңызга эмне түрткү болду? Ак халатчандарга болгон шыктануубу же кимдир бирөөнүн түртмөлөп, жол көрсөтүүсү менен ушул чыйырга багыт алдыңызбы?
– Мен Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы мектеп-лицейде химия, биология класста окуучумун. Мына ошол жерден 10-класстан тарта келечекке карай дарыгер болууну кааладым. Алгач мындай изги тилегимди ата-энем менен макулдашып, 2001-жылы мектепти аяктаган соң Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетине тапшырып, аны 2007-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына хирургия адистигине ординатурага өткөм.

– Баскан изиңизди баамдаган соң, буга чейинки алган терең билим менен тажрыйба сизди Кыргызстандан деле баалуу кадр критерийинен ылдый түшүрмөк эмес экен. Мекенден алыс иштөөгө эмне түрткү болду? Же ал мамлекеттин дарыгерлерге болгон зор колдоосу менен жогорку айлык маянасы сизди ал жакка барып иштөөгө шыктандырдыбы?

– 2009-жылы ординатураны бүтүп, хирург адистигин алган соң жумушка кирүү Кыргызстанда же илим чөйрөсүнө кетүү тандоосу болду. Ошондо министрлик тарабынан Россия мамлекетине аспирантурага сынак жүрүп жатканын угуп, ошол жерге документтерди тапшырып, Казань шаарындагы Казань мамлекеттик медициналык академиясына хирургия адистиги боюнча аспирантурага бекитилдим. 2012-жылы аспирантураны кандидаттык диссертацияны коргоо менен аяктадым. Ошол жылдан баштап келишимдик негизде айткан ооруканада үзүрлүү эмгек кылып келе жатам. Бул жерде калуумдун себеби, жогорку айлык акы, анан да жаш кадрларга болгон мүмкүнчүлүктөр түрткү болду.

– Дүйнө бүгүн бир мүнөт да токтобой өнүгүү темпинде зуулдап баратат. Мунун ичинде медицина тармагы да бар. Замандын күрөө тамырын кармоо менен өзүңүздүн жеке билим, тажрыйбаңызды өнүктүрүүгө да дараметиңиз жетип жатабы?

-Туура, медицина эч качан бир орунда турган эмес, замандын өнүгүшү менен сен да өнүгүшүң керек. Ал үчүн азыркы жашоодо баардык мүмкүнчүлүктөр бар, интернет, конференциялар… Дайыма изденүүгө, практика менен теорияны айкалыштырууга туура келет.

– Мекенге болгон кусалык кыйнамайын азырынча Кыргызстанга келип иштөө планыңызда жок да ээ? Биздин медицина менен Россиянын ал тармагын салыштырууга болбойт го, бирок, ортодогу кандайдыр бир негизги айырмачылыкты байкай алдыңыз?

– Азырынча Кыргызстанга келүү планда жок, бирок, алдыдагы асыл максатым мекенге келип иштөө. Биздин медицина менен Россиянын медицинасынын ортосунда өтө айырма да, окшоштук да жактары бар. Бирок, биринчи айырмасы – бул заманбап медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү. Ал эми окшош жактары менимче кадр потенциалы, билим жана илимий жагы.

– Кыргыздын салтында качан онтоп ооруп калмайын ооруканага барбасак, ага дейре текшерүүдөн өтүп туруу түшкө киргис окуя катары саналат. Айтыңызчы, Россияда ооруну күтпөй, ден соолуктун алдын алуу, текшерилип туруу канчалык деңгээлде экен?

– Мен хирургия бөлүмүндө иштеген үчүн профилактика тармагы менен көп алпурушпайм. Бирок, билишиме караганда, мамлекетгик деңгээлде өтө туура жолго коюлган диспансеризация деген нерсе бар. Анда 21 жаштан баштап ар үч жыл сайын ар бир адамды ооруканага чакырып стандарт боюнча баардык лабораториялык изилдөөдөн жана керектүү адистерден сөзсүз түрдө өткөрүшөт. Бул ооруну алдын алуусуна, эрте диагностика кылууга себеп болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: