Menu

2020-жылдын 4-февралынан баштап $100 миңден ашык акчаны бажыдан чыгарып кетүү же киргизүү үчүн акчанын кайдан келип чыкканын ырастаган документтер талап кылынат

Бөлүшүү:

2020-жылдын 4-февралынан баштап Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 6-августундагы коллегиясынын №130 “Накталай акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин келип чыккан жерин ырастаган документтерди берүү жөнүндө” чечимине ылайык, жүргүнчүнүн бажы декларациясы акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин келип чыгышын ырастоочу документтер менен коштолот эгерде мындай акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин жалпы суммасы ЕАЭБдин бажы аймагына бир учурда ташып кирүүдө же ЕАЭБдин бажы аймагынан бир учурда ташып чыгууда бажы органына жүргүнчүнүн бажы декларациясын берген күнгө карата колдонууда болгон валюталар курсу боюнча 100 миң АКШ доллар эквивалентиндеги суммадан ашса.

Накталай акча каражаттарынын жана (же) акча инструменттеринин келип чыккан жерин ырастаган документтерди бербеген учурда (ЕАЭБдин Бажы кодексинин 261-беренесинин 1-пунктунун 9-пунктчасына, Евразия экономикалык комиссиясынын 06.08.2019-жылдын  коллегиясынын №130 чечимине ылайык), ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин ташууга жол берилбейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: