Кокус Кудайдын буйругу менен Бабанов президент болуп калса, оор жаза ала турган бүгүнкү бийликтеги адамдардын «кара тизмеси» түзүлөрү, сап башында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун болушу ыраспы? Акыркы кезде Бабановго карата КТРКдан каралоолор күчөп, эски «Кара жашик» кейпин кийгени неси? Чектен ашпай, белден ылдый түшпөй эле саясый күрөштү улантсак болот да, туурабы? Дал ушундай «ыпластыкка» КТРКнын Байкоочу кеңеши үн катпай, тескерисинче, БК башчысы Жыпар Жекшеев карыганда калыс сөзүн айта албай кайсалактап калган тагдыры өкүнүчтүү. Бул топтун барынан жогу жакшы эле. Баса, бир убакта Илим мырза Бабановдун кадры катары жүгүрүп жүрчү, эми каршылашка айланганы кечиримсиз го? Мунун арты жакшылык менен бүтчүдөй эмес…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ