Орусияда жарым жыл мурун ФСБ кызматкерлери тарабынан Владимир облусунда жүрүзүлгөн атайын операция учурунда атылып өлтүрүлгөн тажикстандык жарандардын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Апрелде өткөн атайын операция учурунда тажикстандык ага-ини Ибодуло менен Шарифхон Валиев мерт болгону кийинчерээк эле маалым болгон.
Буга чейин ФСБ кагылышуу учурунда каршылык көрсөтүп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары жок кылынганын билдирген.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча алар эл аралык террордук уюмдар менен байланышта болушкан жана Орусияда теракт жасоого даярдык көрүшкөн. Ыкчым-иликтөө иштери жүргөн жерден жардыруучу заттар, АК-74 автоматы, ПМ пистолети, ок-дарылар табылган.
Ибодулло менен Шарифхондун энеси Суманби Бозоровага балдарынын өлгөнү тууралуу кабарды жарым жылдан кийин гана угузушкан. Ал Орусия эмдигиче уулдарынын күнөөлүү экенин тастыктаган далилдерди көрсөтө электигин айтууда.
ФСБ Санкт-Петербург метросундагы жардыруудан кийин эле Владимир облусунда атайын операция өткөргөн. 3-апрелде “Сенная площадь” менен “Технологический институт» станцияларынын ортосунда жардыруу болуп, 15 киши мерт болгон. Теракты Кыргызстандан барган Акбаржон Жалилов жасаганы айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ