Түркмөнстан борборунда көчөлөрдү көрктөндүрүү чараларын күчөтүү менен катар мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде коммуналдык кызматтардын штаттары текшерилүүдө. Бул тууралуу көз карандысыз маалымат булактары билдиришүүдө.
«Эми көчө шыпырган жумушчулар мурдагыдай таңкы саат алтыда эмес, үчтө же төрттө жумушка чыгып жатышат. Ошентип, негизинен аялдардан турган жумушчулардын иш күнү узарып, нормадан ашык иштөөгө мажбур болушууда», — деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маектеши.
Маалыматка караганда, Ашхабаддагы коммуналдык кызматтардын жумушчуларынын 60-70% аялдар түзөт. Алардын көбү жумушка тааныштары аркылуу же акча берип орношуп, ишканага расмий каттоодон өткөн бир канча кишинин ордуна иштешет.
«Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдиргендей, апрелден тарта Ашхабадда мекемелер аралык комиссиялар өлкөнүн бюджеттик уюмдарынын кызматкери катары катталган адамдарды текшерип башташты.
«Комиссия өкүлдөрү жумушчулардын кадрлар бөлүмүндөгү документтерин гана текшербестен, алардын өзүлөрүн да чакырып жатышат. Жумушчулар паспортун алып келип, борбордо катталганын ырасташы керек. Текшерүүлөрдүн максаты — штатта көрсөтүлүп, акча которулуп жаткан, бирок чынында уюмда иштебеген «жалган жумушчуларды» аныктоо», деп жазды басылма.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ