Menu

28 жаштагы кыргызстандык 50 миң парацетамол таблеткаларын Казакстанга өткөрүүгө аракет кылган

Бөлүшүү:

Талас облусунда 28 жаштагы кыргызстандык Казакстанга дээрлик 50 миң парацетамол таблеткаларын чыгарып кетүүнү көздөгөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, бүгүн, 15-июлда, “Чоң-Капка-Автодорожный” өткөрүү бекетинин чек арачылары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстанга эсепке алынбаган жүктөрдү ташууну токтотту.

1992-жылы туулган кыргызстандык М.А., “Мерседес-Бенц” автоунаасын айдап бара жатып, медициналык багыттагы буюмдарды, атап айтканда 48 миң парацетамол таблеткаларын экспорттоого аракет кылган.

Белгилей кетсек, өлкөдөн кандайдыр бир дары-дармектерди экспорттоого убактылуу тыюу салынган.

Документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүктү андан ары тергөө үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: