Menu

Милиция Ош облусунда 25 жаштагы досун бычактап, өлтүргөн окуянын чоо-жайын айтып берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-сентябрда саат 05:30 чамасында Өзгөн аймактык ооруканасынан Мырза-Аке айылынын 1995-жылы туулган тургуну Алмаз аттуу жаран бычактан жаракат алып, аларга жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Жигит алган жаракатынан эсине келбей көз жумган. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ушул эле айылдын 1996-жылы туулган Рустам аттуу тургуну кармалган. Жаштар кечээ, 29-сентябрда саат 22:00 чамасында алкоголдук ичимдиктерди ичишкени аныкталды. Андан кийин алар Алмаз мурун Рустамдын инисин сабагандыгы үчүн уруша башташты.

“Алмаз Рустамды бетке уруп жиберди, андан кийин алар үйүнө кетишти. Үйдө Рустам ызаланып, Алмаз менен маселени чечүүнү ойлонуп, аны көздөй бычакты алып жөнөгөн. Ал телефон чалып, сыртка чыгууну суранды. Алар уруша баштады, жана Рустам Алмаздын аркасына бир нече жолу бычак сайып, кетип калган. Эртең менен эле Алмазды ооруканага белгисиз адамдар алып келишкен. Ошол маалда ага эч нерсе жардам бере алган эмес”, – деп билдиришти милициядан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: