Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрдагы маалымат жыйынында өзүнүн бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков тууралуу ЖМКга чыккан бардык материалдар менен тааныша тургандыгын айтты.
Муну ал журналисттин: “Сиз иниңиз менен анын депутаттык мандатты тапшыруусу тууралуу маселени талкуулагансызбы?” деген суроосуна жооп узатып жатып билдирди.
Андан сырткары, Президент: “Иним экөөбүз тууралуу жазылган бардык маалыматтар, жаңылыктарга көңүл бурам. Мен түшүнөм, силер бирөөлөрдүн буйругун аткарасыңар. Бирок, маалымат таратууда журналисттер бирөөнүн айтканына эмес, реалдуу фактыларга таянса деп ойлойм. Асылбектин кадр саясатына тийгизген таасири тууралуу фактыларды көрсөткүлө, анан мен аны текшерейин. Куру сөздөр менен эмес, фактыларга таянып, кесипкөй этиканы карманып жазсаңыздар”, – деп, журналисттерге өз каалоосун айта кетти.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ