Menu

Видео – “Мисс Жалал-Абад” сулуулук сынагынын жеңүүчүсүн коркутуп, акча талап кылган УКТнын кыз мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

25-июнь күнү Сузак районунун Барпы айыл округунун тургуну М. Г., Жалал-Абад ОИИБна “Мисс Жалал-Абад” сынагынын жеңүүчүсүнөн коркутуп, акча талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынын  ага инспектору, милициянын лейтенанты                 Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Арызга ылайык, 17-июнь күнү болжол менен саат 13.00 чамасында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан сулуулук салондорунун биринде иштеген Тазагүл аттуу кыз, өзүнүн эки шерик кызы менен менин жашы жете элек сиңдим 2001-жылы туулган Жасминаны иштеген жеринде уруп, зомбулук көрсөтүп коркутуп, эч бир себепсиз 6000 (алтын миң) сом акча алып келип бересиң деп кайра-кайра телефон чалып, опузалап акча талап кылып жатат.

Ошондуктан Тазагүл аттуу кызга жана анын шерик кыздарына карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздөрдү суранамын деп билдирген.

Жогоруда аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 170-беренеси (опузалап талап кылуу) 2-6. 1,2-п.п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп, тергөө-ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жабырлануучу кыз буга чейин сулуулук сынагына катышып жеңүүчү аталгандыгын эске алып, бул кылмыш ишти жөн адамдар жасабаган деген маалыматтардын негизинде, ыкчам маалыматтар алынып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен активдүү байланыштыгы бардыгы, аялдардын кылмыштуу тобунун бул жоруктарын ачыктоо максатында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад областы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү бул ишти өзүнө алып, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Тазагүл аттуу кыздын өздүгүн аныктаганда, ал буга чейин да бейбаштык кылмыш аракети менен сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.

26-июнь күнү жабырлануучу кыздан кылмышка шектүү айым 5000 сом акча алып жаткан учурда күбөлөрдүн катышуусунда УКККБ тарабынан кармалды. Учурда анын калган шериктери боюнча да тергөө ыкчам иштери улантылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=3L4ApdJ_AgA

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: