Menu

Дилдара Буларкиева, жазуучу-экстрасенс: “Текебаевдин ден соолугу начарлап, оор абалга кабылат”

Бөлүшүү:

2018-жылдын башталганына эки ай болуп калды. Мына ушул жаңы жылда Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр, өсүштөр, жоготуулар болоорун алдын ала билүү максатында элге жазган китептери менен таанылган  жазуучу- экстрасенс Дилдара БУЛАРКИЕВА эжеге суроо узаттык.

 — Дилдара айым, 2018-жылда Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болот?

— 2018-жыл кыргызстандыктар үчүн акыйкат, жакшы жашоо үчүн күрөшүү жылы болот. Анткени жыл жаңы президенттин такка отурушу менен башталды. Бул саясат үчүн жаңы барактын ачылышы болуп саналат деп айтсак болот. Саясатчылар топ-топко бөлүнүшөт. Жаңы президенттин айланасына жаңы адамдар пайда болот. Президент өз жолу менен басып, элди ээрчиткенге кудурети жетет. Ага үстөмдүк жасагандардын ортосунда ажырым болот. Саясат айдыңында бирде тынчтык болсо, жылдын экинчи этабында курч тирешүүлөр ачыкка чыгат. Жаңы партиялар, жаңы күчтөр пайда болот.

— Камактагы саясатчылар ачкачылык жарыялап, кичине тынч эмес болууда. Алардын тагдыры жөнүндө эмнени айта аласыз?

— Камактагы саясатчыларга кандай жаза тагылса, ошол бойдон калат. Аны эч ким өзгөртпөйт. Текебаевдин ден соолугу начарлап, оор абалга кабылат.

— “Жолумду ачып бер”, же “саясый карьерам кандай болот?” деп кайрылышкан саясатчылар болобу?

— Андай учурлар көп эле болот. Рахмат айтышып, мени менен байланышта болушкан белгилүү саясатчылар бар. Бирок, алар тууралуу эч кимге айтпайм. Ал айтылбаган сырым. Мага кайрылган баардык адамдар менен сүйлөшүп, айтып берүү – менин адамдык кызматым.

— “Парламент тарайт, тарабайт” деген эки ача ойлор айтылууда. Парламент аягына чейин отура алабы? Кандай саясый өзгөрүштөр болот?

— Азыр депутаттар өздөрүнө өздөрү оппозиция болуп отурушат. Бири бээ десе, бири төө дешип. Азыркы парламентке каршы кол топтолуп, парламент мөөнөтүнөн эрте тарайт. Бирок, азыркы депутаттардын отуз пайызы кайра шайланып келет. Жаңы күчтөр пайда болот. Саясатта башаламандык болбойт.

— Бул жылы табигый кырсыктан сырткары болобузбу?

— Жазында жер көчкү, кар көчкүлөр болот. Жайында-күзүндө жер титирөө болот. Суулар ташкындайт. Жаз жаанчыл, жай абдан ысык болот.

— Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Мен Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин журналистика бөлүмүн аяктагам. Аялдардын турмушуна арналган “Карлыгач”, “Беназир”, “Эл турмушу” гезиттеринин редактору, Талас облустук социалдык коргоо бөлүмүндө бөлүм башчы, облустук пособие жана пенсия чектөө борборунун жетекчиси болуп иштегем. Адам баласы бешенесине эмнени жазса, андан качып кутула албайт экен. Азыркы күндө экстрасенс-табыпчылык кылам. Мурда чөп менен дарылачумун. Азыр колумдун табы менен төрөбөгөн аялдарды дарылайм. Төлгө салып, эмне күтүп жатканын айтып берем, жолу байлангандардын жолун ачып, машина, үй саткандардын жана соода жасагандардын жолун ачам.

— Кыргызстандын маданиятына, искусствосуна кызмат кылган таланттуу айымдар тууралуу бир топ китептерди жарыкка чыгарыпсыз…

— “Кыргызымдын таланттуу кыздары”, “Кыргызымдын мыкты кыздары”, “Кыргыз элинин түбөлүктүү гүлзарлары” деген китептерди жаздым. Чынында эле  жашоонун көркү аялзат. Кандай гана кыйынчылык болбосун, кыргызымдын кыздары чыдап келген. Ага тарыхыбыздагы Курманжан датка апабыз мисал болуп бере алат. Ал эми азыркы учурда кыздарыбыздын арасында өз жолдорун таппай, турмуштан ордун таппай жүргөн жаш кыздарыбыз көп. Ошол кыйынчылыктарга туш болушкан жаш кыздарыбызга үлгү болсун деген максат менен мыкты айымдарыбыз тууралуу жазууну максат кылдым.

— Убактыңызды бөлүп, суроолорума  жооп бергендигиңиз үчүн чоң рахмат!

— Силерге да рахмат. “Азия Ньюс” гезити кыргыз элинин сүйүп окуган гезити болушун каалайм! Тилек кылам!Маектешкен Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: