Menu

Тажикстанда «армияда жоголуп кеткен» жоокер жети айдан бери изделүүдө

Бөлүшүү:

Жоокердин жакындары аны жети айдан бери издеп жатышат. Катардагы жоокер Иброхим Абдузоиров кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнүн жетекчилиги ал качып кеткенин билдирүүдө. Прокуратура бул факт боюнча териштирүү иштерин баштады.

Жоми районунун жашоочусу, 20 жаштагы Иброхим Абдузоиров быйыл апрелде өз ыктыяры менен армияга кеткен. Жакындары ал Пенжикенттеги Чек ара аскер бөлүгүнө түшкөнүн, бирок кийинчерээк байланышка чыкпай калганын билдиришти.

Жоокердин апасы Саломат Абдуллоева издөө эч кандай натыйжа бербегенден кийин ЖМКларга кайрылууга аргасыз болгонун айтат.

«Эч нерсеге арызданган эмес, Үйгө кайткысы келип жатканын да айткан эмес, ал армияга өз каалоосу менен кеткен», – деди Абдуллоева.

Пенжикенттеги 0203 аскер бөлүгүнүн офицерлеринин бири жоокер учурда издөөдө экенин айтты. Анын билдиришинче, Иброхим 8-июнда Өзбекстан менен чектеш линияда нөөмөткө чыгып, бирок куралын таштап, белгисиз жакка кетип калган.

Тажикстанда аскерде кызмат өтөөдөн баш тартуу же качып кетүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: