Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди өлкөдөгү адам укуктарына байланыштуу начар абалды оңдоого чакырды. Башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан кадыр-барктуу уюм алдыдагы беш жыл аралыгында өкмөт аткарышы керек болгон негизги кадамдарды атап өттү.
HRW саясий туткундарды бошотууга жана ишмердүүлүктөрүн улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө, кыйноолордун жана катаал мамилелердин алдын алуучу чараларды көрүүгө, БУУнун адам укуктары боюнча агенттиктери жана Эл аралык Кызыл Чырым комитети менен кызматташтыкты жөнгө салууга үндөөдө.
Уюм ММКлардын чыныгы эркиндигин камсыздоого, көз карандысыз веб-сайттарды жабууну жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга, дин тутуу эркиндигин камсыздоого, сексуалдык азчылыктарды кемсинтпөөгө, мажбурлап пахта терүүгө чекит коюуга, жарандык коомго эркиндик берүүгө чакырууда.
Мындан тышкары уюм Анжиян кыргынына көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө уруксат берүүнү сурады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ