Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарын жана талааларын чегиртке басып, алардан өсүмдүктөрдү коргоо максатында, 13-июндан баштап, облустук Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз отурумунун №7-протоколунун негизинде бул аймактарда “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ошондон тартып Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунун айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 58 723 га айдоо жерлерине дары себүү иштери жүргүзүлгөн. Чегирткелерди уулоо иштери бүгүн, 9-июль күнү да улантылып жатат деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ