Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-статьялары (“Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу”, “Шалаакылык”) боюнча козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылды. УКМК тергөөнүн жүрүшүндө Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде Таласта болгонун жана 7-апрелде Бишкекте аянтка чыккан адамдарга ок атууга тиешеси жок болгону аныкталганын билдирүүдө. Тергөө экс-министрдин Таласта алган жараатынан улам саламаттыгына доо кеткени үчүн бир нече жолу токтотулганын да атайын кызмат эске салууда. Ал эми Бакиевдин режимине каршы чыгып жаракат алган жарандар мындай чечимге нааразылыгын билдиришти.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ