Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев жаш кезинде, 80-жылдардын аягында алгач бизнесин Ат-Башынын суурларынын терисинен тумак тиктирип сатып баштаган экен. Ал Ак-Сай менен Арпанын чабандарынан суурдун терисин жүздөп сатып келип, атайын цехинде ийлетип, тиктирип, сатуучуларына 100 рублден өткөрүп берчи дешет.
Ошондо Камчыбек Жолдошбаевден суурдун терисинен тигилген тумакты алып сатып, пайда көргөн реализаторлордун ичинен 3 досу кийин үч облусттун губернатору болуп чыккан экен. Мисалы, ал кезде жаш Аскар Салымбеков, Эмил Узакбаев жана Бейшен Болотбековдор досу Камчыбектен тумакты 100 рублден алып, базарга 120 сомдон сатып, пайда көрүп бутуна турушкан дешет. Ошондо кайран Камчыкең 3 облустук губернаторду өстүрүп чыгарган турбайбы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ