Menu

Казакстан: Кыргызстандык жүк ташуучулардын жүздөгөн мыйзам бузуулары аныкталды

Бөлүшүү:

Казакстандын бийлиги бир айга жетпеген убакыттын ичинде Кыргызстандан барган бир нече миң автоунаа текшерилип, жүздөгөн мыйзам бузуу учурлары аныкталганын билдирди.

«10-октябрдан 30-октябрга чейин Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү министрлигинин алдындагы транспорт комитетинин өкүлдөрү кыргызстандык жүк ташуучулар тараптан 360 мыйзам бузууну каттады. Жалпысынан бул убакыт аралыгында Кыргызстандан келген 3 054 транспорт каражаты текшерүүдөн өттү», — деп айтылат министрликтин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Комитеттин маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында жүк ташуучуларга 11,8 миллион теңге (357 миң долларга жакын) айып пул салынды. Мекемеден эң көп катталган мыйзам бузуу — тез бузулуп кетчү азыктарды ташуудагы сертификаттардын жоктугу экенин билдиришти. Алар жалпы мыйзам бузуулардын 40 пайызын түзүп, 151 учур катталган.

Андан тышкары кыргыз жүк ташуучулары тараптан товар коштоо кагаздарынын жоктугу, салмак жана көлөм параметрлеринин бузулушу, ошондой эле туруктуу жүргүнчү ташыбаган учурларда транзиттик каттам менен өтүү үчүн казак тараптын уруксат кагазын албагандыгы өңдүү мыйзам бузуулар катталганы белгиленген.

Казакстан 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн текшерүү тартибин киргизген. Алгач казак тарап бул аракетин пландык операция, кийинчерээк аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 30-октябрда Кыргызстан өкмөтү чек арадагы абалдан зыянга учураган субъектилерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: