Жылуулуктун келиши менен, Бишкектин тургундары кайрадан карантинди буза башташты. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өкмөттүк брифингде борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
«Жарандар өзүн-өзү изоляциялоонун жана санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына көңүл бурбай башташты. Кечээ шаарды кыдырсам, сейил бактарда жана аянттарда шаар тургундары велосипед тээп, балдары менен сейилдеп жүрүшөт. Бул эмне деген өзүм билемдик? Коронавирус инфекциясын эске алып, бардык талаптарды аткарып, өзүңөрдүн жана жакын туугандарыңардын коопсуздугун эске алышыңарды суранам”, – деди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ