Menu

Фото – Бишкектен Ошко барышып, бай үйлөрдү карактаган кылмышкерлер кармалды

Бөлүшүү:

Бишкектен Ош облусуна барышып, бай үйлөрдү карактаган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралу Ош облустук милициясы билдирет.

19-февраль күнү күндүзгү саат 15:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл округуна караштуу Асан-Чек айылындагы сыртынан бай көрүнгөн үйгө жүздөрүн беткап менен жашырган 3 кылмышкер кирип, үйдө жалгыз болгон, 1984-жылы туулган И.А. аттуу кожоюнду уруп-согуп байлап, акча талап кылышкан. Аны менен катар үйдү тинтип, баалуу деп эсептелген буюмдарды жыйнай башташкан.

Ошол учурда кожоюндун инилеринин бири, 2001-жылы туулган студент М. уулу А. да сабактан келип калып, байкабай каракчылардын колуна түшөт. Аны да уруп-согуп байлап салышкан каракчылар чөнтөгүндөгү акчасы менен телефонун алып коюшат. Үй ээсинин 12,5 миң сом акчасын тоноп, жалпысынан 28 сомдук чыгаша келтирип качып кетишет.

Ошол эле күнү милицияга билдирүү түшүп, ыкчам-иликтөөлөрдүн натыйжасында карактоодон кийин дароо таксиге олтуруп Бишкекке качып кетишкен 3 кылмышкер 20-февралда Бишкектен кармалышып, Кара-Суу милициясына жеткирилет:

1.А. уулу Р. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1995-жылы туулган.

2.А.уулу Ж. Чүй облусунун Панфилов районунда 1993-жылы туулган.

3.А уулу М. Ош облусунун Ноокат районунда 1993-жылы туулган.

Бул “баатырларды” кармоо учурунда алардын жанынан беткаптар, бычак, уурдалган телефондор далил буюмдар катары табылып, алынган. Алар жасаган кылмыш КР Жаза кодексинин 202-карактоо беренеси менен каттоого алынып, азыр сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө.

Милициянын иликтөөсү учурунда белгилүү болгондой алар карактоонун алдында көчөлөрдү кыдырып, аларга сыртынан бай көрүнгөн үйгө карактоого киришкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: