Menu

Мирбек Иманбеков араң чогулткан аброюн кайра жоготуудабы?

Бөлүшүү:

Мирбек Иманбеков деген ыр­чы мырза продюсери менен акыйлашып жүргөндө аны сүйүп уккан күйөрмандарынын шаабайы сууган эле. Кийинчерээк көпчүлүк жаштардай шаарга умтулбай, ата-энесинин кашында алардын керегине жарап, келинчеги менен айылда түтүн булатканы көпчүлүктө жылуу ойлорду жараткан. Эми кечээ интернет айдыңына тараган видеодо эстра­да ырчысы Мирбек Иманбековдун «Балалык» аттуу ырды ырдап жаткан мезгили тартылган. Ал учурда жанында отурган адам менен пикир келишпестик жаралып, ырчынын колундагы гитараны ал адам Иманбековдун башына уруп талкалап салган. Бул видео алгач социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. Интернет колдонуучулар ар кандай ой-пикирлерин калтырышкан. Айрымдары ырчынын таламын талашса кээ бирлери анын мас абалы анын угармандарынын санын азайтып, беделин түшүрүп жатат деген ойлорун калтырышкан. Кантсе да эл көзүндөгү адам этият болбосо болбой калган заманда жашап калдык, кылт эткендин баары интернетке чыгып, элге жайылып, абийириң 1 мүнөттө төгүлөт. «Жинди суудан» алыс эле болсо жакшы болмок.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: