Бүгүн, 24-октябрда Бишкек ЖЭБи боюнча сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды. Түштөн кийинки отурумга экс-премьер-министр Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тарткан.
“Эгерде биз эксперттердин келишин талап кылганыбызды четке кага берсеңер, биз да Сапар Исаковду колдойбуз”, – деди сотко Жантөрө Сатыбалдиев.
“Кантип рублди сомго бөлүп койсун, Мамкурулуштун уяты жок экен, документти алмаштырып коюшуптур. Биз эмне көчөдөн келиптирбизби? Биз документтер кантип айланып каларын жакшы билебиз”, – деп кошумчалады ал.
Жактоочу Замир Жоошев: “С.Исаков көрсөтмө бергенден качып келбей койгон жок, сот маанилүү күбөлөрдү укпай туруп, дароо өзүн суракка алганы жатканы үчүн баш тартты”, – деп түшүндүрдү.
Айыпталуучу Ж.Назаров болсо, бардык эксперттер сотко алынып келинсе, С.Исаков да келерин айтты.
Сот болсо КПКнын нормаларына ылайык, Сапар Исаков сот отурумуна келүүгө милдеттүү экенин айкындап, макул болбосо, күч менен алынып келинерин баса белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ